www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын прокуратурасы өткөн жумада Лувр музейинен уурдалган зер буюмдардын наркын 88 миллион евро деп баалады. Бул тууралуу Франциядагы rfi.fr/ru басылмасы жазып чыкты.

Париж прокурору Лор Беккюонун айтымында, бул сумма буюмдардын экономикалык гана баасын чагылдырат, ал эми алардын тарыхый жана маданий баалуулугу акча менен өлчөнбөйт.

Тергөө иштерине 100гө жакын полиция кызматкери тартылып, окуя болгон жерден манжа издери жана башка далилдер алынган. Кылмышка кеминде төрт киши катышканы айтылууда, бирок аларга сырттан жардам берген адамдар да болушу мүмкүн.

Маалыматтарга караганда, уурулар электрдик көтөрмө тепкичти колдонушкан — ал техника 10-октябрда Парижге жакын Валь-д’Уаз аймагынан уурдалган. Тепкичтин ээси видеодон өзүнүн жабдуусун таанып, полицияга кайрылган.

Кылмышкерлер XIX кылымдагы француз таажысынын тогуз зер буюмун алып кетишкен. Алардын арасында императрица Евгениянын бриллианттуу диадемасы жана ханыша Мария-Амелиянын сапфир менен кооздолгон моюн оромосу бар. Айрым буюмдар кийин табылган, бирок жети экспонат азырынча изделүүдө.

Эксперттер муну буйрутма менен жасалган уурулук же акча адалдоо максатындагы операция болушу мүмкүн деп баалашууда. Зер буюмдарды сатуу дээрлик мүмкүн эмес — алар дүйнөгө белгилүү жана оңой таанылат.

Уурулук болгон соң Лувр үч күнгө жабылып, Аполлон галереясы азырынча эл үчүн ачык эмес.

Последние новости