www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын “Хочу жить” долбоору орус армиясынын катарында Украинада согушуп каза болгон теги кыргызстандык 143 адамдын тизмесин жарыялады. Кайтыш болгондордун эң жашы 19 жашта болсо, эң улуусу 62 жашта экени айтылды. Тизмедеги 93 адам быйыл өлгөнү көрсөтүлгөн. Калган 56 кишинин көбү былтыр, бир нече адам 2023-жылы каза болгон. 

Согушка тартылгандардын дээлик көбү Россияда эмгек миграциясында жүргөндөр. Айрымдары орус жарандыгын алган же болбосо атайын келишим менен кеткендер.

Азырынча Кыргызстандын расмий органдары комментарий бере элек. Негизинен Кыргыз бийлиги мурдагыдай эле нейтралдуу позициясын сактап, чет өлкөдөгү согуштарга катышкан жарандар мыйзам алдында жоопко тартыларын эскертип келет. Бирок жаңы маалыматтар өлкө жарандарынын Украинадагы куралдуу кагылыштарга тартылышы кеңири масштабга жеткенин көрсөтүүдө.

 

 

 

Последние новости