www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-июлда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматында Салык кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги, кызматкерлери жана өлкөнүн мыкты салык төлөөчүлөрү катышты.
Салтанатты ачып жатып, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков салык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын ак ниет эмгегине ыраазычылык билдирди.
Ал өз сөзүндө Салык кызматы мамлекеттик бюджеттин кирешелерин туруктуу камсыз кылууда, экономиканы өнүктүрүүдө жана салыктык башкаруунун сапатын жогорулатууда маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Ошондой эле ал кызматкерлерди милдеттерин жоопкерчилик менен аткарууга, кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана салык төлөөчүлөрдүн салык системасына болгон ишенимин бекемдөөгө чакырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө өлкөдөгү мыкты салык төлөөчүлөр сыйланып, алардын жогорку салыктык маданияты жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы белгиленди.
Мыкты салык төлөөчүлөр:
«Авангард Стиль» ЖЧКсы
«Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси
«СИНЕМАТИКА» ЖЧКсы
«Голден Магнат» ЖЧКсы
«Али Мед КейЖи» ЖЧКсы
«АГРОВЕСТ» ЖЧКсы
«Баткен Натурал КГ» ЖЧКсы
«Сүт Булак — Чыгыш Түптө сүт секторун өнүктүрүү» ЖАКы
Жеке ишкер Батырбекова Кенжекан Актыбековна
Жеке ишкер Эсенгожоев Нурлан Шукурбекович
Жеке ишкер Асымбаев Алмазбек Асанович
Мындан тышкары, салык тармагындагы кызматташууну өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Яндекс Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Тилек Сулайманов Мамлекеттик салык кызматынын медалы менен сыйланды.
Ал эми «Яндекс Кыргызстан» компаниясынын GR-директору Азамат Буржуев Ардак грамотага ээ болду.
Иш-чара Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерин ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо аземи менен жыйынтыкталды.