www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту борбордун бир катар аймагында тынч жыйындарды өткөрүүгө коюлган тыюуну 21-августтан 30-сентябрга чейин дагы узартты. Бул чектөө 2022-жылдан бери үзгүлтүксүз күчүндө болуп, төрт жылдан ашуун убакытка созулду.

Соттун чечимине ылайык, Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварында, Жогорку Кеңештин, Министрлер кабинетинин, УКМКнын, ИИМдин жана башка мамлекеттик мекемелердин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салынат. Акцияларды өткөрүүгө Бишкектеги Максим Горький атындагы бакча гана уруксат берилген жай бойдон калууда.

Укук коргоочулар мындай чектөө Конституцияда кепилденген тынч жыйын өткөрүү укугун чектеп жатканын айтып, жарандар мамлекеттик органдардын алдында өз пикирин эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышы керек экенин белгилешүүдө. Ал эми депутаттар тынч жыйындарды атайын белгиленген жерлерде гана өткөрүүнү мыйзам аркылуу жөнгө салууну сунуштап жатышат.

Последние новости