www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков 2025-жылы УКМКнын тергөө абагында төрт ай отурганын айтып, ошол учурда ишкерлер акча төлөп бошонуп кетишкенин билдирди.

Анын айтымында, ал салык кызматынын мурдагы жетекчисине байланыштуу кылмыш ишинин алкагында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга көмөктөшкөн деп айыпталган. Акунбеков бул айыпты мойнуна албаганын белгиледи.

«Ошондо акча төлөсөң сени бошотушчу. Мен өзүмдү күнөөлүү деп эсептебегендиктен, позициямдан кайтпай, отура бердим», - деп жазды министр.

Акунбековдун маалыматына караганда, ага карата кылмыш куугунтугу 2026-жылдын 24-февралында кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу токтотулган.

Последние новости