www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарынын Пристань конушунда ишке ашырылып жаткан заманбап балык чарбасынын жана кеме чогултуу комплексинин инвестициялык долбоорлору менен таанышты.
Мамлекет башчысына Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн калыбына келтирүүгө багытталган балык чарба долбоору сунушталды.
Ага ылайык, көлгө коё берүү үчүн чабак жана сига балыктары өстүрүлүп, ошондой эле коммерциялык максатта форель жана келечекте судак багуу пландалууда.
Долбоордун кубаттуулугу жылына 2 миң тоннага чейин балык өндүрүүгө эсептелген. Курулуш иштери 2026-жылдын июнь айында башталып, быйыл ноябрь айында аяктайт деп күтүлүүдө.
Ишканада балык өстүрүүнүн туруктуулугун камсыз кылуучу заманбап инженердик чечимдер колдонулат.
Комплекс 33 балык өстүрүүчү бассейнден жана булганыч заттарды сыртка чыгарбай турган суу тазалоо системасынан турат.
Долбоордун экологиялык жагына өзгөчө көңүл бурулган. Ишкана күн панелдеринин жардамы менен электр энергиясы менен камсыздалып, энергияга болгон муктаждык толугу менен кайра жаралуучу булактар аркылуу жабылат.
Ишкана толук өндүрүш циклин — чабак өстүрүүдөн баштап даяр продукция чыгарууга чейин — камсыз кылат.
Долбоор ички рынокту жаңы балык менен камсыздоого, жумуш орундарын түзүүгө, аймактык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана продукцияны Россия менен Кытайга экспорттоого багытталган.
Ошондой эле Президентке суу сыйымдуулугу 350 тоннага чейинки кемелерди чогултуу комплекси да тааныштырылды.
Аталган долбоор экологиялык таза технологияларга негизделген. Кемелер электр кыймылдаткычтары менен жабдылып, суу чөйрөсүнө зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышы болбойт.
Комплекс кеме чогултуу ангарынан жана эки кабаттуу административдик-тиричилик имаратынан турат. Жалпы аянты 2,5 миң чарчы метрди түзүп, анда 120 адам эмгектенет.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров долбоорлорду өз мөөнөтүндө сапаттуу ишке ашырууну жана экологиялык талаптарды так сактоону тапшырды.