www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө жашоо минимуму 8,7 миң сомдон ашты

Кыргызстанда 2025-жылдын 3-кварталында жашоо минимуму киши башына орточо 8 758,6 сомду түздү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11 пайызга өскөн.

Өсүү өлкөнүн бардык аймактарында катталган. Тамак-ашка кеткен чыгымдар адаттагыдай жашоо минимумунун эң чоң бөлүгүн түзөт — 65 пайыз; тамак-аш эмес товарлар дагы 16 пайызды; кызмат көрсөтүүлөр 17 пайызды жана салыктар 2 пайызды түзөт.

Азык-түлүк себетинин энергетикалык баалуулугу 2101 килокалория болуп, анын курамында орто эсеп менен 73 грамм белок жана 71 грамм май бар.

Жашоо минимумунун өлчөмү социалдык-демографиялык топтор боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

Эмгекке жарамдуу калк үчүн — 9818,4 сом;

Пенсионерлер үчүн — 7760 сом;

Балдар үчүн — 7413,2 сом.

Белгиленгендей, эмгекке жарамдуу жарандардын арасында жашоо минимумунун өлчөмү эркектердики 10 063,6 сом болсо, аялдардыкы 9 766,7 сомду түзөт.

Последние новости