www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин “Ала-Тоо” депутаттык тобунун жыйынында майыптыгы бар балдардын көйгөйү талкууланды. Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиевдин маалыматына караганда, өлкөдө аутизм диагнозу менен катталгандардын саны өсүүдө.

Расмий маалымат боюнча, учурда Кыргызстанда 380 бала аутизм диагнозу менен каттоодо турат. Жаңы катталгандар: 2024-жылы – 4 бала, ал эми 2025-жылы – 6 бала.

Ошол эле учурда жалпы майыптыгы бар балдардын саны акыркы жылдары кыйла көбөйгөнү белгиленди. Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2010-жылы 22 миң бала катталган болсо, 2023-жылга карата алардын саны 37 637ге жеткен.

Жыйынга катышкан ата-энелер жана адистер майыптыгы бар балдар боюнча бирдиктүү жана так статистиканын жоктугун сынга алышты. Алардын айтымында, ар кайсы мамлекеттик органдардын маалыматтары бири-бирине дал келбейт.

Ошондой эле жыйында реабилитациялык борборлорду кеңейтүү, инклюзивдик билим берүүнү күчөтүү, жөлөк пулдарды көбөйтүү жана турак жай маселелерин чечүү боюнча сунуштар айтылды.

Последние новости