www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө аңчылык эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда айрым жарандар уруксат кагазында көрсөтүлбөгөн аймакта аңчылык кылганы, аңчылык итине тиешелүү күбөлүгү жок болгону жана караңгы убакта аңчылык жүргүзгөнү аныкталган.

Аталган фактылар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, жалпы суммасы 25 миң сомдук эки административдик протокол түзүлдү.

Последние новости