www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев менен биргеликте бир катар курулуш объектилерин текшерди.
Алардын бири — Талас шаарында курулуп жаткан “Баластан” балдар оюн-зоок борбору болду. Аталган объекттин курулушу 2025-жылдын күз мезгилинде башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин болжол менен 60 пайызы аяктады.
Текшерүүнүн жүрүшүндө министр курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшү, объекттин инженердик инфраструктурасы, колдонулуп жаткан курулуш материалдарынын сапаты жана курулуштун бекитилген графикке ылайык аткарылышы менен таанышты. Ошондой эле ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жана жооптуу кызматкерлерге курулуш иштеринин темпин күчөтүү жана сапаттык көзөмөлдү үзгүлтүксүз жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, жалпы аянты 6,5 гектарды түзгөн комплекс 9 корпустан турат жана келечекте шаардын маанилүү маданий, эс алуу жана экономикалык борборлорунун бирине айланат.
Долбоорго ылайык, “Баластан” борборунда заманбап аттракциондор, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын оюн аянтчалары, кинотеатр, конгресс-зал, коомдук тамактануу жайлары жана үй-бүлөлүк эс алуу үчүн бардык шарттар каралган.
Объект пайдаланууга берилгенден кийин 200дөн ашуун жумуш орду түзүлүп, бул аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошот.