www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-июнда, Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров расмий сапар менен келген Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзе менен кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Мамлекет башчысы Кыргызстан Грузияны өз ара ишенимге, урматтоого жана узак мөөнөттүү кызматташтыкка негизделген маанилүү өнөктөш катары карай турганын белгиледи. Ал бул сапар грузин тараптын Кыргызстанга эң жогорку деңгээлдеги алгачкы расмий сапары болуп, эки өлкө мамилелеринде жаңы этапты баштаарын кошумчалады.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясий диалогду активдештирүү, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, транспорт-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү жана маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелерин талкуулашты.
Президент акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүдө оң динамика байкалганын белгилеп, бирок ишке ашырылбаган олуттуу потенциал бар экенин да кошумчалады. Ошондой эле ал инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өз ара сооданы көбөйтүүгө даярдыгын билдирди.
Өзгөчө көңүл транспорттук байланыштарды жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө бурулду. Мамлекет башчысы Грузиянын Кара деңиздеги порттук инфраструктурасы Азия менен Европаны байланыштырууда маанилүү роль ойноорун белгиледи.
Ал эми Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу тууралуу сөз кылып, президент бул долбоор Евразия мейкиндигиндеги заманбап транспорттук архитектуранын ажырагыс бөлүгүнө айланарын айтты. Анын маалыматына ылайык, долбоорду ишке ашырууга миңдеген жумушчу күч жана техника тартылган.
Садыр Жапаровдун айтымында, темир жолдун курулушу аяктагандан кийин Кыргызстан аркылуу өтүүчү жана Грузиянын деңиз портторуна багытталган жүк ташуулардын көлөмү бир нече эсе өсөт. Бул региондогу соода-экономикалык байланыштарды бекемдөөгө жана транзиттик потенциалды жогорулатууга шарт түзөт.
Жолугушууда ошондой эле Кыргызстан менен Грузиянын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзе эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты соода, айыл чарба, туризм, маданият, спорт жана экология тармактарында кеңейтүүгө даяр экенин билдирди. Ал Президент Садыр Жапаровду Грузияга расмий сапар менен чакырды.
Чакыруу кабыл алынды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар кыргыз-грузин мамилелерин мындан ары чыңдоого жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин тастыкташты.