www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-август күнү, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Ленин чокусунда жайгашкан лагерде эки адам каза болду. Бул маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Адардын бири кыргызстандык болсо, экинчиси Россия жараны экени айтылды.

"28-августта саат 20:55 чамасында Кашка-Суу айыл аймагынын Ачык-Таш тилкесинде жайгашкан Ленин чокусунда, деңиз деңгээлинен 6 100 метр бийиктикте Россиянын 38 жаштагы жараны Георгий Веселовский жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургуну, 41 жаштагы белгилүү альпинист Вячеслав Шейко каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Маркумдар тууралуу кабар Чоң-Алай райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн. Бул Чоң-Алай РИИБдин электрондук журналына катталып, тергөө иштери башталган.

"Учурда тергөө тобу тарабынан маркумдардын сөөгүн чокудан алып түшүү иштери жүргүзүлүп жатат. Алар газга ууланып же тоңуп көз жумушу ыктымал", — деп кошумчалашты милициядан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости