www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лейлек районунун Лейлек жана Тогуз-Булак айылдарында «Кароосуз калгандар» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Катран милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрү жана МАИ кызматкерлери менен биргеликте аймактагы мектептерде ата-энелер жана окуучулар үчүн жыйындар уюштурулуп, кылмыштуулуктун, анын ичинде киберкылмыштардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле түнкү рейддер уюштурулуп, саат 22:00дөн кийин көчөдө жүргөн өспүрүмдөр аныкталды. Алар жана ата-энелери менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында 3 ата-энеге Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде административдик протоколдор түзүлдү.
Мындан сырткары, ата-энелерге балдарды көзөмөлгө алуу, түнкү убакта жашы жете электердин көчөдө жүрүүсүнө жол бербөө боюнча эскертүүлөр жана түшүндүрмөлөр берилди.