www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Ай-Көл айылындагы орто мектепте ата-энелер үчүн жыйын уюштурулуп, электрондук алдамчылыкка алданбоо боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Лейлек РИИБдин Катран айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкери милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдору катышып, мугалимдер жана ата-энелер менен кылмыштуулуктун, анын ичинде киберкылмыштуулуктун жана интернет-алдамчылыктардын алдын алуу багытында профилактикалык сабак өткөрүштү.
Сабактын жүрүшүндө киберкылмыштуулуктун негизги түрлөрү, шектүү интернет шилтемелерине кирбөө, социалдык тармактар аркылуу сунушталган ар кандай жарнамалык товарларды сатып алууда сак болуу, ошондой эле жеке банктык карта маалыматын жана банктык эсептерди башка адамдарга бербөө же сатпоо боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Мындан тышкары, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо маселелери, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.