www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Кыргыз Республикасына болгон расмий визити болуп өттү.
28–29-июнда Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.
Сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-россиялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү артыкчылыктуу багыттарды талкуулашты.
Мындан тышкары, министрлер жогорку деңгээлдеги мурдагы визиттердин алкагында жетишилген макулдашуулардын аткарылышы боюнча пикир алмашып, эки тарап тең кыргыз-россия мамилелеринин сапатын мындан ары да жогорулатууга жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө багытталган биргелешкен аракеттерди улантууга даяр экендиктерин тастыкташты.
Эл аралык жана аймактык уюмдардын, анын ичинде БУУ, КМШ, ЕАЭБ, ШКУ, ЖККУ жана башка интеграциялык бирикмелердин алкагында кызматташууну мындан ары да чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Сүйлөшүүлөр салттуу түрдө ачык маанайда, ишеним жана өз ара түшүнүшүү духунда өттү. Тараптар мурда жетишилген макулдашууларды бекемдөөгө, практикалык кызматташууну кеңейтүүгө жана өнөктөштүктү тереңдетүүгө даяр экендиктерин дагы бир жолу тастыкташты.
Саясий диалогдун жогорку деңгээлдеги активдүүлүгү өзүнчө белгиленип, мамлекет башчыларынын, парламенттердин жана өкмөттөрдүн деңгээлинде үзгүлтүксүз байланыштар уланып жаткандыгы баса көрсөтүлдү.
Жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттары аныкталып, 2025-жылга пландаштырылган жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын графиги жана мазмуну такталды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев миграция маселелерине өзгөчө басым жасап, Россия Федерациясынын аймагында жашап эмгектенип жаткан кыргыз жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.