www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лавров Армения ЕАЭБден көбүрөөк пайда көрөрүн айтты

РФтин ТИМ жетекчиси Сергей Лавров Армения ЕАЭБден баарынан көп пайда табарын айтты.

"Армения бардык жагынан алганда баарынан арбын пайда көрөт. Бул такталып, эсептелип чыккан. Армениянын экономикасынын 35 пайызы ЕАЭБдин аркасынан жашап жатат. Эгерде былтыркы товар алмашууну алсак, 20 миллиард доллардан ашыгы, 37 пайызы Евразиялык экономикалык биримдикке, ал эми он үч пайызы ЕБге, үч пайызы АКШга тиешелүү", — деди Лавров Sputnik радиосуна, "Комсомольская правда" жана "Говорит Москва" ЖМКларга берген маегинде.

"Армения кичинекей мамлекет, ЕАЭБге кошкон салымы, анын ичинен финансылык төлөмү башкаларга караганда алда канча аз. Бирок Евразилык экономикалык биримдикте добуш берүү маселесине келгенде калган мамлекеттер, анын ичинен Россия менен кошо эле бирдей укукка ээ", — деген министр.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости