www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте интернет аркылуу жок турак жайды ижарага берүүгө байланыштуу алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.
Борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, М.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 15-майда белгисиз адам «Lalafo» аянтчасына жарыя жайгаштырып, батир ижарага берем деген шылтоо менен анын 50 миң сом акчасын ээлеп алганын билдирген. Акчаны алгандан кийин кылмышкер байланышка чыкпай калган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан шектүү — 1982-жылы туулган К.К. аттуу жаран аныкталып, кармалды. Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган жарандын башка ушул сыяктуу алдамчылыктарга да тиешеси болушу мүмкүн.
Милиция жарандарды шектүүнүн аракетинен жапа чеккендер болсо же кандайдыр бир маалыматка ээ болсо, 0(553) 21-20-23, 0(555) 96-61-12 же 102 телефондору аркылуу кабарлоого чакырат.
Тергөө уланууда.