www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ жана Иран тынчтык келишимин бектишти

АКШ менен Иран тынчтык келишиминин текстин бекитишти. Бул тууралуу Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф жарыялады.

Ал: "Тынчтык эч качан азыркыдай жакын болгон эмес", - деди.

АКШ администрациясындагы булак AFP агенттигине Вашингтон келишимге жакынкы күндөрү кол коюлаарына "80-85 пайыз ишенерин" билдирди.

Ал эми, Reuters булагынын маалыматы боюнча, келишимге Дональд Трамптын 80 жаш мааракесине, 14-июнда кол коюлушу мүмкүн. Кол коюучу жер катары Пакистан же Швейцария каралууда.

Ирандын Mehr маалымат агенттиги АКШ менен Ирандын ортосундагы 14 пункттан турган меморандумдун долбоорун жарыялады. Алардын ичинде согуштук аракеттерди толугу менен токтотуу, АКШ аскерлерин Иран менен чектеш аймактардан чыгарып кетүү, Иран портторун блокадалоону алып салуу жана Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин өтүүсүн 30 күндүн ичинде кайра жандандыруу камтылган. Ирандын тышкы иштер министри 60 күндүк сүйлөшүүлөрдөн кийин келишимдин экинчи этабында өзөктүк программаны жана АКШнын санкцияларын алып салууну талкуулоо пландаштырылып жатканын тактады.

 

Последние новости