www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Екатеринбург шаарында 11-июнда автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен төрт адам каза болду. Автобустун айдоочусу 1977-жылы туулган Кыргызстандын жараны Х.И. болуп чыкты, деп маалымдайт ТИМдин басма сөз кызматы.
Орусиянын Тергөө комитетинин Свердлов облусу боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, автобустун айдоочусуна карата кылмыш иши козголду.
«Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулдугу Орусиянын укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенип, кармалган адамдын жакындары менен байланышта», - деп айтылат ТИМдин маалыматында.
Маселе ТИМдин жана Башкы консулдуктун көзөмөлүндө турат.