www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарында Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын энергетика тармагына жооптуу мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кезектеги кварталдык жумушчу жыйын болуп өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев, “КУЭТ” ААКнын башкы директору И. Сыдыгалиев, “Электр станциялар” ААКнын башкы директору А. Садыров, ошондой эле министрликке караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.
Өзбекстан Республикасынан энергетика министри Ж. Мирзамахмудов өзү катышты. Ал эми суу чарба министри Ш. Хамраев видео байланыш аркылуу сөз сүйлөп, анын орун басары Зокир Ишпулатов оффлайн форматта катышты.
Казакстан Республикасынын энергетика министри Е. Аккенженов жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү да жыйынга катышты.
Тажикстан Республикасынан энергетика жана суу ресурстары министри Далер Джума видео байланыш аркылуу кошулду. Ошондой эле делегациянын курамында Энергетика жана суу ресурстары министрлигинин суу-энергетикалык саясат боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Абдуразокзода Далер, “Шабакахои интиқоли барк” ААКсынын диспетчердик борборунун башчысы Тойиров Дустмурод жана “Энергия” координациялык-диспетчердик борборунун директору Шамсиев Хамидулло Оманович да бар.
Жыйындын негизги максаты — алдыдагы 2026–2027-жылдардагы вегетация мезгилинде аймактагы суу-энергетикалык системалардын туруктуу жана макулдашылган режимде иштөөсүн камсыз кылуу маселелерин талкуулоо болду. Бул багытта тараптар биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактагы энергетикалык системалардын өз ара тыгыз байланышын белгилешип, ишенимге негизделген кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Айрыкча үч өлкө — Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан — Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмүн төмөндөтпөө максатында координацияланган иш алып барууга даяр экендиктерин белгилешти. Бул багыт аймактык энергетикалык туруктуулукту камсыз кылуунун негизги факторлорунун бири катары белгиленди.
Ошондой эле күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүнүн жыйынтыктары каралып, энергетикалык жүктөмдөрдү тең салмактоо жана системалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча конкреттүү чаралар талкууланды.
Жыйын соңунда тараптар макулдашылган режимдерди ишке ашырууну улантуу, тармактар аралык координацияны чыңдоо жана аймактык деңгээлде энергетикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү боюнча орток түшүнүккө келишти.
Белгиленгендей, кийинки жолугушуулар 2026-жылдын май айында Ташкент шаарында жана июнь айында Бишкек шаарында өткөрүлөт.