www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жер жүзүндө тарыхка из калтырган таң калыштуу көрүнүштөр көп. Алар адамзат цивилизациясынын канчалык морт экенин эске салат. Ошондой жерлердин бири – байыркы Помпей шаары. Ал биздин заманга чейинки 79-жылы атылган Везувий вулканынан кыйрап, талкаланган.
Помпей Кампания аймагында, Неаполь шаарына жакын жайгашкан гүлдөп-өнүккөн рим шаары болгон. Анын көчөлөрүндө базарлар кайнап, храмдар жана мончолор курулуп, тургундар жашоодон ырахат алышкан. Шаарда болжол менен 20 миңдей адам жашаган. Шаарга жакын жерде Везувий вулканы жайгашканы кооптуу болчу.
Кырсык, биздин заманга чейин 79-жылдын 24-августунда болду. Везувий атылып, абаны газ каптап, асмандан таш жаап шаарды ысык пирокластикалык толкуну басып адамдарды заматта өлтүргөн.
Көчөлөр, үйлөр жана адамдар ошол бойдон тоңуп калгандай сакталган. Бир нече сааттын ичинде шаар толугу менен жок болуп, калың күлдүн астында калган.
Көп кылымдар бою Помпей унутта калган. XVIII кылымда гана кайра табылып, дүйнөнү таң калтырган. Археологдор жөн гана урандыларды эмес, толук сакталган шаарды табышкан.
Үйлөрдө күнүмдүк буюмдар амфоралар, мештеги нан, зер буюмдар жана дубалдагы жазуулар ошол бойдон калган. Эң үрөй учурган табылгалар адамдардын акыркы абалын көрсөткөн гипс калыптар болду.
Бүгүнкү күндө Помпей – ачык асман алдындагы музей. Миллиондогон туристтер бул жерге келип, байыркы көчөлөрдү көрүп, тарыхты өз көзү менен сезишет. Бул жерде убакыт токтоп калгандай таасир берет.
Помпейдин тарыхы адамдарды дагы деле таасирлентет. Ал сүрөтчүлөрдү, жазуучуларды жана кинорежиссёрлорду шыктандырат. Бул шаар табияттын алдында адам канчалык алсыз экенин эскертип турат.
Бүгүн да археологдор жаңы табылгаларды ачып, Помпей көз ирмемдик убакытта тоңуп калган, бирок тарыхы түбөлүк жашай турган шаар катары сыпатташат.