www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кеминде курчоого алынган беш жөздөй демонстрант бар экени айтылды. Ал жерден чыгып кетүүгө аракет кылгандарды полиция кармап кетүүдө.
Буга чейин полиция ок атуучу курал кондоноорун эскерткен. Каршылык көрсөтүп, качууга камынган жүздөй кишиге көздөн жаш агызуучу газ колдолулуп, желим ок менен атышкан. Полиция университеттин кампусуна кирип барууга аркет кылган, бирок демонстранттар таш ыргытып алардын кирүүсүнө жол берген эмес.
Ал эми, университеттин ректору Цзинь Тен-Гуан каршылык көрсөткөндөрдү өз каалоосу менен имараттан чыгып кетүүлөрүн билдирди. Окуу жайдын ичиндеги студенттер чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин айтышууда.
Эскерте кетсек, Гонконгдогу курчуган кырдаалдан улам, ал жакта окуган кыргызстандык студенттердин ата-энелери президенттен жардам сураган. Буга, “Кыргызстандык студенттер элчилик менен дайыма байланышта. Кытай бийлигинин көмөгү менен студенттерибиз коопсуз аймакка жайгаштырылган. Сянганга КРнын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулу жөнөтүлгөн” –деп ТИМ маалымат берген.
Андан сырткары, Кыргызстандын дипломатиялык миссиясы Кытай бийлигинин көмөгү менен кыргызстандык студенттер үчүн акчасын кийин төлөгөндөй кылып авиабилеттерди алуу боюнча туристтик фирмалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ошондой эле ТИМ Кытай жана КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары менен кадамдарды координациялоо боюнча ар дайым байланышта экенин ТИМден билдиришкен.
Булак: NazarNews.kg