www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Бишкек жана Ош шаарларынан Россияга учууга туруктуу каттамдардын графигин жарыялады.

Кимдер учуп кете алат?

1. Өлкөгө келген орусиялык жарандар кетерден мурун мамлекеттик кызматтар порталында атайын форма толтурушу керек. "Орусияга келген күндөн тартып үч күндүн ичинде, ПЦР-анализ тапшырып, анын жыйынтыгы жөнүндө маалыматты андан ары Роспотребнадзорго жеткирүү үчүн мамлекеттик кызматтардын порталына жүктөө керек", - деп билдирет департаменттен.

2. Кыргыз жарандары Орусияга кандай шартта учуп кете алышат?

1) Ата-энеси, жубайы (күйөөсү) же балдары Орусиянын жараны болсо;

2) Орусиянын аймагында жашап турууга уруксаты бар адамдар (ВНЖ);

3) Медициналык мекемелердин чакыруусу боюнча.

Кыргыз жарандары "Бонецкий" лабораториясынын акыркы үч күндүн ичиндеги ПЦР-анализинин жыйынтыгы болушу керек. Анализдин жыйынтыгы Орусиядан интернет аркылуу көрүүгө мүмкүн болгон "Бонецкий" лабораториясынан гана аныкталышы керек.

Каттамдардын тизмеси:

12-августта Ош-Москва (убактысы такталууда);

12-августта Бишкек-Екатеринбург (убактысы такталууда);

15-августта Бишкек-Санкт-Петербург (убактысы такталууда);

16-августта Бишкек-Москва (саат 16:20 "Аэрофлот" авиакомпаниясы);

16-августта Ош-Санкт-Петербург (убактысы такталууда);

26-августта Ош-Москва (саат 07:45 "S7" авиакомпаниясы).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости