www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ташкентте 17-сентябрда укук коргоо органдары "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө катышы бар деп шектелген 12 адамды кармашты. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Кармалгандар "Юнусабад аймагында жашаган 1980 -жылы туулган Р.У.нун идеологиялык таасири астында экстремисттик иштер менен алектенишкен" деп айтылат маалыматта.
Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, Р.У. жана анын шериктери Украинада жашырынып жүргөн жана "Махмуд Абдулмумин" каймана аты менен жүргөн, 1980 -жылы туулган Кыргызстандын тургуну Махмуджон Холдаров менен интернет аркылуу байланыш түзүшкөн.
Ошондой эле кармалгандар Хизбут-Тахрир экстремисттик уюмунун материалдарын калк арасында таркатышканын, ошондой эле алар уюмдун катарына жаңы мүчөлөрдү тартуу менен алектенишкенин. Мындан тышкары, алар Өзбекстанда халифат түзүү идеясын дайыма үгүттөп келишкен.
“Бул адамдардын жашаган жерлеринен жана мобилдик аппараттарынан “Хизбут Тахрир” диний экстремисттик уюмунун адабияттары жана материалдары табылган. Учурда алардын мыйзамсыз аракеттерине укуктук баа берүү жана жоопко тартуу үчүн тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп белгилейт Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы.
Өзбекстандын Ички иштер министрлиги жарандарды "Хизбут-Тахрирдин" ишмердүүлүгүнө катышуу, бул уюмдун идеяларын колдоо, ошондой эле “Maxmud Аbdulmoʼmin” каймана аты менен адамдын лекцияларын жана материалдарын сактоо жана жайылтууну кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн негиз болушу мүмкүн экенин эскерткен.
Булак: NazarNews.kg