Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу болуп Нурлан Абдрахманов дайындалды
Расмий кабарлар  |   |  3081

Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы башкы консулу болуп Нурлан Абдрахманов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Абдрахманов Нурлан Асейинович Түркиянын Стамбул шаарындагы Кыргыз өлкөсүнүн башкы консулу болуп дайындалды.

Белгилей кетсек, Нурлан Абдрахманов буга чейин тышкы иштер министринин орун басары болуп келген.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями