www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеке секторго насыя берүү үчүн эл аралык донорлордон 183,6 миллион доллар акча алынат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал каражат пандемиядан улам кыйын абалга кептелген жеке тараптарга берилет. Анда 122,5 миллион доллар Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы тарабынан берилмекчи.

Дүйнөлүк банк 72,5 миллион доллардын жарымын грант, калган жарымын 0,75 үстөк пайыз менен 38 жылга алты жылдык жеңилдик менен насыя катары берүүдө.

Ал эми Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын 50 миллион долларды бир пайыздык үстөгү менен 32 жылга, Европа инвестициялык банкы 25 миллион долларды бир пайыздык үстөгү менен 12 жылга берет.

Аталган каражат июль айынан келе баштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости