www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Transparency International уюмунун дүйнөдөгү жемкорлукту иликтөө боюнча баяндамасына ылайык, Тажикстан 176 мамлекеттин ичинен 151-орунду алды. Уюм өлкө коррупция менен күрөшүүдө көрүнүктүү ийгиликтерге жетише албаганын белгиледи.

Transparency International тажик бийлигине көз карандысыз журналисттердин жана жарандык коом өкүлдөрүнүн пикирлерин эске алууга чакырды. Уюм Коррупция менен күрөшүү агенттиги мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылып, саясий бейтараптуулукту карманышы керек деген пикирде.

Иликтөөлөрдө бүткүл дүйнөдө системалык коррупция жана социалдык теңсиздик бири-бирин күчөтүп жатканы көрсөтүлгөн.

Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча 136-орунда. Тажикстан 25 упай, Кыргызстан 26 упай менен жемкорлуктун деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарынан киришти.

Былтыр да Кыргызстанда бул рейтингде 28 упай менен 136-орунду алган эле.

Transparency International уюмунун рейтингинде биринчи орунда Дания жана Жаңы Зеландия турат. Ал эми коррупция жайылган өлкөлөр деп Түштүк Судан менен Сомали эсептелинет.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости