www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын чыгышында жайгашкан Ыгдыр аймагында кулчулуктан качып чыккан үч кыргызстандык кыз учурда жергиликтүү элдин үйлөрүндө баш калкалап жүрөт. Алар «ресторанда официант болуп иштейсиңер» деген куру сөзгө ишенип келип сойкулукка сатылып кетишкен.

Маектешим менен сөз баштаганда эле өз атын өзгөртүүмдү өтүндү. Андыктан аны Чынара деп атап коёлу. Бир канча жолу телефон менен сүйлөшкөндөн кийин гана маек берүүгө макул болду.

- Москвада ашпозчу болуп бир жыл иштегем. Айылдык тааныш кызым бир күнү «Түркиядамын» деп жазып калды. «Биз жакка келбейсиңби? Иш жакшы, айлыгыбыз миң доллар» деп айтты. «Ресторанда официант болосуң» деди. Ал эмнегедир түн ортосунда жазат эле. Анан мен чочулап «Чынын айт, эмне жумуш?» деп такып сурасам, «Ресторанда жакшынакай болуп кийинип отурабыз, тамак жейбиз, сен эч нерсе кылбайсың, кардар менен эле сүйлөшүп көңүл ачасың» деген. Мен жаман ойлобой эле Москвадагы жумушумду таштап, Кыргызстандан Түркияга учуп бардым. Бир кыргыз эже тосуп алып, үйүнө алып барды. Келгенде эле «иштин» чоо-жайын түшүндүм. Ресторанга барганда улам бир кыргыз кызды бир бөлмөгө чакырып, кайра чыгарып жатты. Көрсө тандап жаткан экен.

- «Иштин» чоо-жайын дароо эле түшүнгөн экенсиз. «Кетем» деген жоксузбу?

- Бир келгенден кийин артка жол жок экен. Айла жок «иштегенге» туура келди. Булар мейманкананын бөлмөсүн «ода» деп коюшат экен. Кардарлар келип эле ошол «одага» алып кирип кетишет. Бизди ишке чакырган эже "100, 200 лира сурайсыңар" деп үйрөтүп койгон. «Ачык, кыска кийимдерди кийгиле» деп кыйнайт. Анысы аз келгенсип «кардарлар менен отуруп ичкиле деп зордоп мас кылат. Баарына ушул акыркы эки айда айла жок көндүм.

- Анан кандайча качып чыктыңар? Азыр кайсыл жердесиңер?

- Ушунча тажадым. Аягында кыздарга «качабыз» деп айттым. Бизди алып келген кыргыз эже бир күнү төрт кызды бир түрк жигиттерге сатты. Түнү алардан келгенден кийин ыңгайлуу убакыт таап, үйдөн эч нерсебизди албай качып чыктык. Бизге мурун кардар болуп келген түрк киши жардам берди. Ошол киши бизге такси жиберип, өзүнүн үйүндө жашырып турду. Анан качкан үч кыргыз кыз ар кайсы тарапка чачырадык. Анткени бир болсок бизди издеп таап алышабы деп корктук.

Учурда мен ошол түрк кишинин үйүндө баш калкалап келем. Ал болсо «жеген тамагың, үйгө эч нерсе төлөбөйсүң. Шарт болуп калса сени Кыргызстанга качырып жибергенге аракет кылам» деди. Бирок менин мындай абалга түшүп калганыма себепкер болгон ошол кыргыз эженин жазага тартылышын каалайт элем. Анткени сегиз жылдан бери кыздарды сатат экен. Канчалаган тагдырды талкалап жатат…

- Чынара, эки ай убакытта эч жерден полиция кызматкерлерин көргөн жоксуңарбы? Балким аларга айтсаңар жардам беришет беле?

- Биз «иштеп» жүргөн кафеге беш-алты күндө бир полиция келип текшерип турчу. Анда бизди иштеткен кыргыз эже качып кетчү. Бизди коркутуп, эч нерсе айттырчу эмес. Полиция документтерди эле карап, жакшылап текшерчү эмес. Азыр деле полицияга кайрылгандан корком. Үйдөн чыкпай отурам. Түрк тилин толук билбейм. Эгер мени издегендер таап алышса дароо кайра «ишке » алып барабы деп корком.

- Азыркы абалыңды жок дегенде элчиликке же консулдукка билгизе алдыңбы? Мындан кийин эмне кылам деген оюң бар?

- Азыр мен үйүндө жашап жаткан түрк киши мага «билет жактан жардам берем» деген. Бир аз күтөм. Эгер ал ала албай калса, анда үйдөгүлөргө абалымды айтышка туура келип калат.

Маектешим Чынара — жалгыз бой эне. Уулун Кыргызстандагы апасына таштап коюп Түркияда жакшы айлыгы бар жумушту аркалап келип,алдамчы мекендештеринин торуна түшкөн. Бир жумадан бери көчөгө чыкпай жашынып отурган мекендешибиз кыргыз кыздарды алдап келип сойкулукка мажбурлаган кишилердин жоопко тартылышын каалайт.

Түркиянын Ички иштер министрлиги 2016-жылы зордук-зомбулукка кабылган жарандарга жардам катары 157 телефон номерин ишке киргизген. Андагы адистер алты тилде сүйлөп, муктаж адамга психологиялык жана чукул жардам беришет.

2017-жылы Түркияда зордук-зомбулук көргөн 193 чет өлкөлүк жаран өз мекенине кайткан.

Булак: "Азаттык"

Последние новости