www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Жаш активист катары айтсаңыз Бабанов бүгүн ким болду?
--Бабанов боюнча ар бирибиз өз оюбузду айтып үлгүрдүк окшойт. Бирөөсү "коркок, коён, суу жүрөк, аферист" десе, дагы бирөөлөр" Бабанов эркек, эң жакшы чечим болду, элин ойлоду, ынтымакты ойлоду" деп, аны жакшы дагы, жаман дагы көрүп жатышты. Менин айтарым, балким Бабанов туура чечим кылды. Саясий абал курчуп турганда келбей коюп, эң туура кадамга барды. Ошол эле мезгилде өлкөбүзгө өзү айткандай саат 14:50 дө келип калганда азыркы абал кандай болот эле? Жакшыбы , жаманбы Бабановдун өзүнө жараша шайлоочулары бар. Көп эмес, 5 000 киши чыкса деле “провокация” болуп кетсе эмне болот эле? Дагы Жапаровдун тарапташтарындай болуп камалат беле, Кудай билет?
--Бабановдун тарапташтары Тиматинин кара бургериндей “рекламалап” жибергени туура эмес болуп калган жокпу?
--Ооба, туура эмес кадамга барды Бабанов! Аны кандай болгон күндө да моюндашыбыз керек. Кыргызстанга келсе бүт жакка жар салбай, ызы-чуу кылбай, тарапташтарына эскертип "митинг кылбагыла! Мен мыйзамдын алдында жооп берем"деп, келгенде эң сонун болмок. Тилекке каршы анткен жок. Нарын, Талас, Кара Кол, Бишкекте тынчтык митинги өтөт" деп, бийликке тишин кайрай баштады. Бул дегени “аймактык бөлүнүү” дегени эмеспи?
--Сиз Бабановдун тарапташы эмессизби?
-- Ачык айтайын, мен Бабановду колдобоймун! Бирок ошол эле мезгилде анын командасындагы кыргызымдын мыкты уул - кыздарынын тандоосун сыйлаймын. Бабановго каршы барышым мүмкүн бирок, айрым ага-инилер, достор, эже-карындаштардын "жүзү" деп, тилими тишиме катып олтурдум. Эмесе мурун эле айтып чыкмакмын "мунуңар тигиндей, мындай" деп. Баарынан мурун Силерге болгон сый - урматым баарынан жогору. Баарынан жогору өлкөбүз тынч болсун!
--Бабановдун Кыргызстанга келиши маанилүүбү?
--Мен уккан маалыматтарга караганда учурдагы бийлик тарабынан ага эч кандай тоскоолдук болгон эмес. Болгону Бабанов жана анын тарапташтыры поездин эмес, локомотивдин алдына түшүп чуркап алышты. Менимче Бабановдун келиши эми кыйындап калды. Эгерде Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаев абактан бошотулса Бабановдун келиш-келбеши анча деле маанилүү эмес болуп калат. Бийлик колдон келишинче парламенттик шайлоодо Бабановду катыштырбоого аракет кылат. Анткени ал бул кадамы менен илбирс секирик жасабай эле, улак секирик жасап алды.
--Ошондо Бабановдун кеңешчилери саясатта утулуп балапандык кылып, балалык кыял менен баатырлык кылып коюштубу?
--Кызык, КР Президенти Сооронбай Жээнбеков айткандай “балапандык” кылып, кур дүрмөт менен коён атканга ууга чыгып алышты. Бул жерде Бабановдун оң колдору, Бабановдун дагы бир жолу шагын сындырды. Эч бир инсанды Ата-Журтунан ажыратпасын, Кайрылуусун көрүп адам катары боорум ооруду. Бабанов деле кыргыздын уулу, сыйлап урматташыбыз керек.
--Рахмат...
Булак: NazarNews.kg