www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясатчы Камыбек Ташиев Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтпай калгандыгы тууралуу пикирин Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
--Москвага барганымда Өмүрбек менен бир гана жолу сүйлөшкөнбүз. Ал маалда өзү эле келе турган болгон, анын ою таза болгон,"мен актыгымды далилдеймин" деп гана айтканын уккам жана колдогом. Андан кийин анын келиши, ким кантип тосуп алышы же штабындагы уюштуруу иштери боюнча бир да адам менен катышып сүйлөшпөдүм эле. Кийин эле “эл топтолот” болуп кетти. Ушулардын баарын көрүп туруп “элдин тынчтыгын бузуп албайын” десе керек. Ал өзүнө зыян болсо да, элди мамлекетти ойлоду. Мүмкүн Өмүкенин өмүрүндөгү эң оор, бирок туура чечимдир, мен колдоймун, туура эле кылыптыр! - деп жазган Камчыбек Ташиев.
Булак: NazarNews.kg