www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Дайырбек мырза, Өмүрбек Бабановдун келбей калышына - "берки" күтүп жаткан чагымчылдар себепчи. Эмне болгондо дагы тынчтык барынан маанилүү. Келсе деле сот тарабынан бейтараптуулук камсыздалмак. Эч кандай кысым, басым жасалмак эмес. Күнөөсү жок болсо акталмак. Күнөөсү болсо ага сот баасын бермек. Негизи эч кимге айтпай эле, билет алып учуп келсе мындай болбойт беле?
--Байкадыңыздарбы, "келсин, тосуп алабыз, бийлик куугунтук кылба, 10 миң адам чыгабыз"-деп жаткандар бүгүн сөгүп жатышат. Алар, Бабановдун өзүнүн командасынан өтүп мактап жатышты эле, бийликке каршы тукуруп. Бүгүн, биринчи болуп алар "коркок" деп жазып жатышат. Бузукулар ким экенин бир күндө таанып алдыңар.
Эми,Өмүрбек Токтогулович Бабанов дагы кыргыздын уулу. Ал дагы бир азаматыбыз. Келем деп, кайра баш тартуусу саясаттагы беделин түшүрдү. Мындай чечим үчүн өзү дагы ыңгайсыз абалда турса керек. Бирок, шылдыңдап, басынтып, кемсинтип кадырын тепсебейли. Улуу бололу достор, бийик бололу мекендештер. Саясат, интригаларды коюп, оокат кылалы.
Булак: NazarNews.kg