www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызыл-Кыя шаарында жашы жете электер арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында «Салам, мектеп!» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери тарабынан шаардын аймагындагы 21 жалпы билим берүү мекемесинде профилактикалык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле окууга тартылбай калган жана кароосуз калган балдарды аныктоо максатында интернет-клубдар, коомдук тамактануучу жайлар жана өспүрүмдөр көп чогулган жерлер текшерилди.
Рейд учурунда 12-сентябрда үйүнөн чыгып кеткенден кийин дайынсыз болуп жаткан, 2011-жылы туулган өспүрүм Ош шаарынан табылды. Ал ата-энесине өткөрүлүп берилди.
Мындан тышкары, жашы жете электерге байланыштуу укук бузууларды жасаган жарандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 74 жана 102-беренелеринин негизинде 7 протокол түзүлүп, тиешелүү айып пулдар салынды.
Алдын алуу иш-чарасы өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга жана алардын арасында укук бузуулардын алдын алууга багытталган.