www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкованын сыйлык алып жатып президент Садыр Жапаровго таазим кылганы социалдык тармактарда талкууга түштү.

Белгилей кетсек, 14-сентябрда мамлекет башчысы өзгөчө кызматы, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы жана кесиптик жетишкендиктери үчүн бир катар инсандарды сыйлаган. Алардын арасында Саламат Садыкова да болуп, ага «Кыргыз Республикасынын сыймыгы» ардактуу наамы ыйгарылган.

Сыйлык тапшыруу учурунда ырчынын президентке таазим кылганы коомчулукта ар кандай пикирлерди жараткан.
Саламат Садыкова Instagram баракчасы аркылуу бул көрүнүшкө түшүндүрмө берип, таазим кылуусунун себебин айтты.

«Мамлекет башчысына ийилгеним — бактыма, дөөлөттүү-берекелүү, ары кайраттуу, артта калган сабырыма, элибиз менен бирге баштан кечирген күндөрүмө, турмуштан алган санатыбызга, молчулуктан даам сыздырган Жаратканга ийилгеним», — деп жазган Садыкова.

Ал ошондой эле акыйкаттык, мээрим, калыстык жана кең пейилдүүлүк менен нурун чачкан адамдарга ыраазычылыгын билдирген.

Последние новости