www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесине директордун биринчи орун басары жана башкы бухгалтер дайындалды.
Президенттин Иш башкаруучусунун орун басары Алмаз Раимбеков «Кызмат» мекемесинин жамаатына жаңы дайындалган жетекчилерди тааныштырды:
Бакетаев Байгазы — директордун биринчи орун басары;
Ишенбекова Адинай — башкы бухгалтер.
Жолугушуунун жүрүшүндө Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев тарабынан 1-июлга чейин коюлган негизги пландар эскертилип, Алмаз Раимбеков бир катар маанилүү тапшырмаларды берди, анын ичинде:
▪️ жарандарды санариптик кызматтарды колдонууга үйрөтүү иштерин күчөтүү;
▪️ онлайн форматка өтүүнү активдүү илгерилетүү;
▪️ мекеменин жана өлкө боюнча КТБлардын жетекчилери менен кызматкерлеринин жаңы талаптарга ылайык квалификациясын жана санариптик компетенцияларын үзгүлтүксүз жогорулатуу;
▪️ коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбестигин катуу эскертти.
Негизги максат — ар бир жаран үчүн мамлекеттик кызматтарды ыңгайлуу, жеткиликтүү жана заманбап шартта камсыз кылуу.