www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызамыкка чалдыккандардын саны 5 миңге чукулдады

Кыргызстанда жыл башынан бери кызамык жуктургандардын саны 4 855 адамга жетти. Республикалык иммунопрофилактика борбору маалымдагандай, соңку бир аптада эле 800дөн ашуун адам аталган илдетке чалдыккан. 29-февралда кызамык менен ооругандардын саны 4078 адам болчу.

Илдетти жуктургандар дагы деле Бишкек шаарында, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында арбын болууда.

Бишкекте - 1 438, Ош шаарында - 331, Ош облусунда - 831, Баткенде - 112, Чүйдө - 1042, Жалал-Абадда - 922, Ысык-Көлдө - 80, Нарында - 54, Талас облусунда - 75 адам кызамыкка чалдыккан.

Ооругандардын ичинен бир жашка чейинки ымыркайлардын саны 1684, 1-4 жаштагы - 1732, 5-9 жаштагы - 696, 10-14 жаштагы 222 бала бар. 500дөй бейтап - 15 жаштан жогору курактагылар.

Былтыр бир жылда илдеттин 7046 учуру катталып, тогуз бала оорудан чарчап калган. Арасында беш айлык ымыркай бар.

Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышына ата-энелер түрдүү себептер менен эмдөөдөн баш тартып жатышканы себеп болгонун белгилеп жатат. Министрликтин маалыматында, Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 22 миңге жеткен, алардын көбү мындай чечимге диний түшүнүктөн улам барганын айткан. Ушундан улам министрлик Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, муфтияттын өкүлдөрү менен кызамык жана ага каршы вакцина тууралуу талкуу жүргүзүп, дин өкүлдөрүнөн бул жаатта маалымат таратууга көмөктөшүүнү суранып келет.

Кыргызстанда кызамык оорусу 2023-жылдын башында Бишкек шаарында башталган. Түркиядан жана Орусиядан жуктуруп келген учурлар да катталганы кабарланган.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашка чыкканда жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө.

Последние новости