www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын август айында Кытайдын товар импорту менен экспорту юань өлчөмүндө жылдык эсептөөнүн негизинде 3,5%га өстү. Бул — Кытайда экспорт менен импорт үч ай катары менен өсүп жаткан кез. Бул тууралуу "NazarNews" агенттигине кытайлык "CCTV-plus" агенттиги маалымдады.
Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын (ГТУ) маалыматына ылайык, быйыл январь-август айларында өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү да жылдык эсепте 3,5%га көбөйгөн.
2025-жылдын январь-август айларында өлкөнүн экспорту 6,9%га өстү, ошол эле учурда импорт 1,2%га төмөндөдү.
АКШ долларындагы эсеп боюнча, август айында өлкөнүн экспорту 321,81 млрд долларды, импорту болсо 219,48 млрд долларды түздү. Ал эми сегиз айдын жыйынтыгында бул көрсөткүчтөр тиешелүүлүгүнө жараша 2,452 трлн доллар жана 1,666 трлн доллар болду.
Январь-август айларында АСЕАН Кытайдын эң ири соода өнөктөшү болуп калды. Эки тараптуу соода жүгүртүүсү 9,7%га өсүп, 4,93 трлн юаньга (болжол менен 686,8 млрд доллар) жетти. Бул өлкөнүн жалпы тышкы соодасынын 16,7%ын түздү. Экинчи орунда Европа биримдиги турат, КЭР менен болгон соода көлөмү 4,3%га өскөн.
Маалыматтарга ылайык, Кытайдын "Бир алкак, бир жол" демилгесине катышкан өлкөлөр менен соода көлөмү 5,4%га өсүп, 15,3 трлн юаньды түздү. Ал эми Кытайдын үчүнчү ири соода өнөктөшү болгон АКШ менен соода көлөмү сегиз айдын ичинде 13,5%га азайган.
– "Быйыл сегиз айдын ичинде Кытайдын экспорт менен импортунун жалпы өсүшү жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу 0,6 пайыздык пунктка жогорулады. Август айында экспорт да, импорт да өстү, бул өсүү тенденциясы үч ай катары менен уланып жатат. Сырткы жагдайлар оор жана татаал болгонуна карабастан, Кытайдын тышкы соодасы туруктуу жана жашоого жөндөмдүү болуп кала берүүдө", – деди ГТУнун статистикалык анализ департаментинин жетекчиси Люй Далян.
Январь-август айларында Кытайга электромеханикалык буюмдардын импорту өлкөнүн жалпы импортуунун 39,4%ын түздү. Ушул мезгилде чийки мунай жана металл кендери сыяктуу энергетикалык жана минералдык продукциялардын импорту өсүп, айыл чарба продукцияларынын, анын ичинде сүт азыктары менен өсүмдүк майларынын импорту да кыйла көбөйгөн.
– "Август айында чийки зат импортунун көлөмү артты, айрым тетиктердин импорту андан да ылдам өстү. Ошондой эле спорттук товарлардын, кургак жана жаңы мөмө-жемиштердин жана калктын күнүмдүк жашоосу менен тыгыз байланышкан башка товарлардын импорту да эки орундуу көрсөткүчтөр менен көбөйдү", – деп кошумчалады Люй Далян.