www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Кытай Эл Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Лу Инчуань (Lu Yingchuan) мырза жетектеген делегация расмий иш сапары менен болду.

Музейдин директору, профессор Жылдыз Бакашова конокторду жылуу тосуп алып, маданий программанын алкагында делегацияга музейдин экспозициялары менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Коноктор кыргыз элинин бай маданий мурастарын чагылдырган экспонаттарды көрүп чыгышты.

Экскурсиянын жүрүшүндө тараптар эки элдин маданий байланыштарын чагылдырган коллекциялардын мааниси, тарыхый окуялардын өзгөчөлүгү жана маданий мурастарды сактоо маселелери боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле музейдин учурдагы ишмердүүлүгү жана өнүгүү багыттары тууралуу кеңири маалымат берилди.

Лу Инчуань мырза жана делегация мүчөлөрү биздин доорго чейинки уникалдуу артефакттарды, ошондой эле прикладдык искусствонун баалуу үлгүлөрүн кызыгуу менен көрүштү. Алар өз сөздөрүндө улуттун руханий дөөлөттөрүн сактап, коомдун маданий аң-сезимин өнүктүрүүдө музейлердин орду өзгөчө экенин белгилешти.

Последние новости