www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда поезддерде жана вокзалдарда адамга окшош робот-гуманоиддер жүргүнчүлөрдү тейлеп жатат. Бул тууралуу «Синьхуа» маалымат агенттиги кабарлап, бул учурда Кытайда белгиленип жаткан Чуньюнь — жаз майрамындагы эс алууга байланыштуу элдер жакындарына поезд менен көп катташарын айтты.

Маселен, Ханчжоу шаарынын темир жол вокзалында «Фусин» аттуу робот жүргүнчүлөрдү тосуп, кыскача маалымат берет. Ал поезддерде жүргүнчүлөр менен саламдашып, убакыт, өтмөктөр жана аба-ырайы тууралуу суроолорго жооп берүүдө.

Ал эми дагы бир башка поездде роботтор балдар менен үстөл оюндарын ойноп, баарлашууда Аэропорттордо дагы робот иштеп, жүргүнчүлөрдү жол көрсөтүп, кол баштыктарын ташууга жардамдашууда.

Изилдөөлөргө ылайык, 2025-жылы дүйнө боюнча 15 миң даана адам сымал роботтор жасалган. Алардын 90 пайызга жакынын кытайлык компаниялар чыгарган.

Последние новости