www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Хубэй провинциясындагы Цзинчжоу шаардык орто элдик соту Нанкин шаарынын мурдагы жогорку кызматтагы чиновниги Лун Сянды өлүм жазасына өкүм кылды. Бирок өкүмдүн аткарылышы эки жылга кийинкиге жылдырылды.

Ал пара алуу, мамлекеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана инсайдердик соода боюнча күнөөлүү деп табылган.

Тергөөдө Лун Сян 2009–2025-жылдары кызмат абалынан пайдаланып, 261 млн юандан ашык (болжол менен 38,6 млн доллар) пара алганы аныкталган. Ошондой эле мамлекеттик фонддон 12 млн юанды мыйзамсыз өздөштүрүп, акциялар боюнча жашыруун маалыматтарды колдонгону белгилүү болгон.

Сот анын күнөөсүн мойнуна алганын, тергөөгө көмөктөшүп, мыйзамсыз алынган каражаттарды толугу менен кайтарганын эске алган.

Кытай мыйзамдарына ылайык, эки жыл ичинде жаңы кылмыш жасалбаса, өлүм жазасы, адатта, өмүр бою эркинен ажыратуу жазасына алмаштырылат.

Последние новости