www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш өлкөлөрү Пекинге Украина маселесинде кандай позицияда болушу керектигин айта турган абалда эмес. Бул тууралуу Кытайдын Россиядагы элчиси Чжан Ханьхуэй "Известияга" берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.

"Батыш Кытайга көрсөтмө бере алчу, айрыкча жоопкерчиликти ага жүктөй турган статуста эмес", — деди элчи.

Ал ошондой эле жаңжал башталгандан бери Пекин аны тынчтык жолу менен жөнгө салуу демилгесин көтөрүп, эки тарапка тең курал-жарак бербегенин белгиледи.

Мындан тышкары, дипломат Россиянын Тайванга карата позициясы — Кремлдин "орой күч саясатына ыктаган" ири державалардан коркпой турганын айгинелейт деп кошумчалады.

Бейшемби күнү Си Цзиньпин Макрон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө украин кризисин чечүү үчүн эч кандай “сыйкырдуу даба” жок экенин айтып, тараптар чыр-чатакты токтотуу үчүн тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо, өз ара ишенимди бекемдөө үчүн шарттарды түзүшү керектигин айткан.

Последние новости