www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай товарларына бажы алымдарын 125%га чейин көтөрүү чечимин чыгарганын жарыялады. Пекин АКШнын Кытайга каршы тарифтерди күчөтүү практикасын катачылык деп билдирди.
“Кытай дүйнөлүк рынокко жетиштүү урмат көрсөтпөгөндүктөн, кытай товарларына болгон тарифти 125%га чейин көтөрүп жатам, алар дароо күчүнө кирет”, – деп Трамп Truth Social социалдык тармагына жазды.
Анын айтымында, 75тен ашуун өлкөнүн өкүлдөрү АКШдан тарифтер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү суранышкан. Алар үчүн 90 күндүк тыныгуу киргизилди.
Буга чейин 9-апрелде Кытай АКШнын импортуна тарифтерди 34 пайыздан 84 пайызга көтөрөрүн жарыялаганын Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин тарифтер боюнча комиссиясынын өкүлү билдиргенин Кытайдын борбордук телеканалы маалымдаган. Чечим 10-апрелден тарта күчүнө кирет.
“АКШнын Кытайга каршы тарифтерди күчөтүү практикасы катачылык, ал Кытайдын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын олуттуу түрдө бузуп, эрежелерге негизделген көп тараптуу соода системасына олуттуу зыян келтирет”, – деп айтылат билдирүүдө.
Өткөн аптада Ак үйдүн башчысы Дональд Трамп башка өлкөлөрдөн импорттолгон товарларга пошлина киргизүү тууралуу буйрукка кол койгон. Негизги минималдуу ставка 10 пайызды түзөт. Ошол эле учурда көпчүлүк өлкөлөр тарифтердин жогорулашына туш болушат. Алсак, Кытайга карата алымдар 54 пайызды түзгөн.
Көп өтпөй Кытайдын Мамлекеттик кеңеши жооп кылып, АКШдан келген бардык товарларга 34 пайыздык тарифтерди жарыялаган. Америка лидери өз кезегинде Пекин өз чечиминен баш тартпаса, Вашингтон буга чейин жарыялангандан тышкары Кытайга каршы кошумча тарифтерди киргизээрин эскерткен.
Америкалык лидердин айтымында, тарифтерди киргизүү АКШнын экономикалык көз карандысыздыгынын декларациясы болуп саналат, ал мамлекеттик карызды төлөө үчүн эбегейсиз каражаттарды пайдаланууга жардам берет.
Булак: "eurasiatoday.ru"