www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдардын импорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,7%га кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Эки ай ичинде өлкөгө жалпы 133 млн 899,5 миң литр бензин алып келинген. Анын жалпы баасы да 20,3%га төмөндөп, 58,8 млн долларды түзгөн.
Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын январь-февралында Кыргызстанга 171 млн 121,2 миң литр бензин импорттолгон.
Бензиндин негизги бөлүгү мурдагыдай эле Россиядан (131,7 млн литр) жеткирилген. Аз өлчөмдө Казакстан жана Беларусь өлкөлөрүнөн да ташылган.