www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясына Dash 8 Q400 учагы келди. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул компания тарабынан сатып алынган үчүнчү учак болуп саналат. Учактарды алуу жана авиапаркты кеңейтүү иштери өлкөдө аба каттамдарын жандандыруу боюнча жүрүп жаткан аракеттердин алкагында ишке ашууда.

“Аймактарды байланыштырган аэропортторду өнүктүрүү, жүргүнчү ташуучу учактарды жана кызматтык атайын тик учактарды алуу иштерине да өзгөчө көңүл бурулууда. Аталган иштер президент Садыр Жапаров белгилеген маанилүү багыттардын бири катары каралып, өлкөнүн авиация тармагын жандандырууга багытталган”, - деди ал.

Последние новости