www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Афганистандын Кунар провинциясында болгон жер титирөөдөн улам көптөгөн адамдардын өмүрү кыйылганына байланыштуу Афганистандын элине жана жетекчилигине көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Эскерте кетсек, 1-сентябрга караган түнү Афганистандын чыгышында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Табигый кырсыктын кесепетинен 800дөн ашык киши каза таап, 2800дөй адам жабыркаган.