www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук банк Кыргызстанга 2025-жылы чет жактарда эмгектенген жеке адамдардан 3 млрд 491 млн доллардан ашуун акча которулганын маалым кылды.
Мунун ичинен басымдуу бөлүгү - 3 млрд 231 млн доллар Орусиядан которулган.
Алыскы чет өлкөлөрдөн жалпы 198 млн доллар, АКШдан 107 млн, Казакстандан 35 млн доллар, Түркиядан 11 млн, Түштүк Кореядан 2 млн доллар келген.
Улуттук банктын маалымдашынча, 2025-жылы Кыргызстандан Орусияга 329 млн доллар, КМШ өлкөлөрүнө 340 млн, АКШга 1 млн доллар которулган.
Башкы банк бул акчаны жарандар эл аралык акча которуу системалары, банктардын мобилдик тиркемелери жана электрондук капчыктар аркылуу которушканын белгиледи.
2024-жылы сырттан 2,9 млрд доллар, 2023-жылы 2,7 млрд доллар которулган.