www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын өз ара товар жүгүртүүсүнүн көлөмү, быйылкы 8 айда 9 млрд 848,1 млн долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,1 пайызга төмөндөп, экспорттук жөнөтүүлөр 23,7% кыскарып, ал эми импорттук келип түшүүлөр 5,2% азайган. Дегенибиз, 2024-жылы Кыргызстандын тышкы соодасы 17,6 млрд долларга жетип, мурдагы жылга салыштырмалуу 10,9% өскөн.
Бул 2025-жылдын январь-август айларындагы статистика, жөн гана кургак сандар эмес, өлкөнүн реалдуу абалынан кабар берген көрүнүш. Мындай жагдай эмнени билдирет? Жөн гана товарлар азыраак кирди же чыкты дегендиби, же чоң көйгөйлөрдүн коңгуроосубу?
Статистика айтып тургандай, Кыргызстандын ички-тышкы соода түзүмү, азырынча сырттан толук көз каранды абалда экенин моюнга алуу кажет. Буга экспорттун кыскарышы далил. Демек, биз өндүргөн товар азайып, өндүрүш солгундап, ишкерлерге шарттын начарлап жатат. Ал эми импорттун азайышы болсо, бул элдин сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшүн, инфляциянын кысымы күчөгөнүн, валюта курстарынын туруктуу болбой жатканын туюнтат. Башкача айтканда, элдин чөнтөгү жукарган сайын, сырттан товар келиши да азаят.
Айталы, быйыл Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында жүргүзүлгөн сооданын көлөмү 3 млрд 349 млн доллар түзүп, мурдагы жылдардагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 3,3% төмөндөдү. Ал эми Казакстан менен болгон алакада логистикалык тоскоолдуктар, бюрократия жана чек арадагы узун кезектер көйгөй жаратып келет.
Биз өз ресурстарыбызды туура колдонуу аркылуу айыл чарбасы менен жеңил өнөр жайын жандантып, экспортко багытталган чакан жана орто бизнести колдоо менен өлкө өзүнүн товарларын кайрадан дүйнөлүк рынокко сунуштай алат. Бирок бул үчүн саясий эрк жана узак мөөнөттүү стратегия керек.
Тышкы сооданын төмөндөшү – бул болгону курулай статистика эмес. Бул – элдин турмуш деңгээлинин күзгүсү. Ар бир пайыз – бул жумушсуз калган адам, токтогон ишкана, кымбаттаган азык-түлүк. Бул маселеге көз жумуп коюуга болбойт. Андан сабак алуу учур келди.