www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын ИДПсы 1,1 триллион сомдон ашты

Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) 2026-жылдын январь–июль айларында алдын ала эсептөөлөр боюнча 1 триллион 172,7 миллиард сомду түздү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,1 пайызга өскөн.

ИДПнын дээрлик жарымы – 49,8 пайызы кызмат көрсөтүү тармагына туура келсе, товар өндүрүү тармактарынын үлүшү 34,2 пайызды түзгөн.

Өнөр жай өндүрүшү жети айда 11,2 пайызга өсүп, 525,3 миллиард сомго жетти. Айрыкча химиялык продукция өндүрүү 2,9 эсеге, тазаланган мунай заттарын өндүрүү 1,8 эсеге көбөйгөн.

Ошол эле учурда өлкөдө баалардын өсүшү уланууда. Январь–июль айларында керектөө баалары 6,7 пайызга, ал эми жылдык инфляция 11,5 пайызга жетти. Калк үчүн кызмат көрсөтүүлөр 10,1 пайызга, азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар 5,9 пайызга кымбаттаган.

Последние новости