www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 3–7-ноябры аралыгында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын делегациясы Сингапур Республикасына иш сапар менен барды.
Иш сапардын максаты — коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында тажрыйба алмашуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулоо болду.
Делегацияны Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Б. Маатов жетектеди. Сапардын алкагында Сингапурдун Башкы прокуратурасынын, Коррупциялык практикаларды иликтөө бюросунун, Жогорку сотунун, Юстиция министрлигинин жана полиция кызматтарынын жетекчилери менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Тараптар коррупцияга каршы күрөштө санариптик технологияларды колдонуу, мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын жогорулатуу, жана этикалык стандарттарды бекемдөө боюнча өз ара тажрыйба алмашышты. Кыргыз тарап Сингапур менен кылмыш иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу долбоорун сунуштады.
Жолугушуулардын жыйынтыгында эки өлкөнүн прокуратуралары ортосунда өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү жана укуктук жардам көрсөтүү боюнча макулдашууга жетишилди.