www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын эгемендүүлүк алганына отуз жылдан ашты. Бул жылдар аралыгында өлкөбүз эмне гана сыноолорду башынан өткөрбөдү. Тарых барактарын кайта турган болсок, бул мезгил — өлкө үчүн чоң бурулуштардын, коом үчүн татаал тандоолордун, эл үчүн кайра-кайра башталып, кайра-кайра урунган үмүттүн мезгили болду.
Бир убакта Кыргызстан «демократия аралчасы» деген наам менен өзүн дүйнөгө тааныткан. Ал кездеги ураандар — «Кыргызстан — биздин жалпы үйүбүз» деген сөздөр — бүгүн да кулактын түпкүрүндө жаңырып турат. Бирок ошол жаркын идеялардын арты менен эмне иш жүзүндө өзгөрдү? Убадалар көп болду, аракеттер андан да көп көрүндү, бирок жыйынтыгычы?
Табият менен тагдырдын окшоштугу
Бул аралыкта өлкөнүн табияты да, тарыхы да өзгөрдү. Илгери көгөргөн жайлоолор, коңур жел согуп турган өрөөндөр бүгүн куураган талааларга айланып, агып турган өзөндөрдүн суусу тартылып, бир кездеги жашыл пейзаждар бозала чөлгө айланды. Бул табигый көрүнүштөр өлкөдөгү жалпы өзгөрүүлөрдүн символундай туюлат. Адамдардын үмүтү да ошол дарактардай куурап, кайгысы өзөндөрдөй агып өттү. Тагдыр бизди көп жакшы адамдардан ажыратты — арабыздан мыктылар кетти. Бирок жашоо токтогон жок. Бүгүн кайгыга батып ыйлаганыбыз, эртең унутта калат. Убакыт эч кимди күтпөйт, өз нугу менен өтүп жатат. Биз ошол убакыттын шары менен жашап жатабыз.
Саясаттагы сатуулар жана шайлоодогу суроолор
Эми кепти саясатка, тактап айтканда — кезектеги шайлоого бурсак. Кыргызстанда дагы бир шайлоо компаниясы башталды. Бул көрүнүш улам баттан кайталангандыгына байланыштуу, элдин шайлоого болгон ишеними улам солгундай түшкөнү байкалат.
Өкүнүчтүүсү — бул шайлоодо да коомдо таанылган, жоопкерчиликти көтөрө ала турган инсандардан көрө, өзүнүн ким экенин элге көрсөтө элек, тажрыйбасыз талапкерлердин саны арбын болууда. Депутат — жөн гана креслону ээлеген адам эмес. Ал мыйзам чыгарат, мыйзамды көзөмөлдөйт, элдин үнүн бийликке жеткирет. Бирок бүгүн талапкерлигин коюп жаткан көпчүлүгү бул жоопкерчиликти түшүнбөгөндөй. Кээ бири жөн гана бийликке жетүүнү максат кылса, айрымдары мандатты жеке кызыкчылыгы үчүн колдонууга умтулганы кашкайып көрүнүп турат.
Жаңы жүздөргө үмүт барбы?
Ооба, эл мурдагы өкүлдөрдөн тажап бүттү. Эски саясатчыларга болгон ишеним кетти. Бирок “жаңы жүз” дегендин өзү эле сапат көрсөткүчү эмес. Жаңы адам — жаңы идея, жаңы жоопкерчилик, жаңы деңгээл дегенди туюндурушу керек. Эгер ал болбосо, эл кайра эле “эскилер жакшы экен” деп, өкүнүп калуусутолугу менен ыктымал.
Азыркы талапкерлердин арасынан чыныгы эл өкүлү боло ала турган инсандардын саны өтө эле аз. Алардын арасында тажрыйбалуулары бар, бирок буга чейин серең этип көрүнгөнү менен, элди таң калдырып селейтип, оозун ачырып, тамшанта элек.
Алдыдагы шайлоодо эмне кылуу керек?
Мындай шартта жоопкерчилик биринчи кезекте — добуш берүүчүлөрдө. Эл шайлоодо өз тандоосу менен мамлекеттин багытын аныктайт. Демек, биз кимге ишенебиз, кимге үмүт артабыз — ошол адамдын элге болгон мамилеси менен келечек түзүлөт.
Убакыт — сыноо. Ал эми шайлоо — элдин акыл-эстүүлүгүн сынай турган учур. Ар бирибиз өз добушубузду ойлонуп берип, жалаң эмоция менен эмес, акыл менен чечим кабыл алсак — анда өзгөрүү болору шексиз.