www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Эл Республикасынын Хефей шаарында 2026-жылдын 24–26-апрель күндөрү байдарка жана каноэде сүзүү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Мелдештин биринчи күнүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Эрлан Султангазиев байдарка-одиночка түрүндө 200 метр аралыкта күмүш медаль тагынды.

Бул ири мелдешке Азиянын 19 өлкөсүнөн спортчулар катышууда.

Кыргызстандын атынан чемпионатка 3 спортчу катышууда: Эрлан Султангазиев , Родион Туйгунов жана Рысбек Толомушев . Команданы башкы машыктыруучу Олег Роганов жетектөөдө.

Азия чемпионаты 26-апрелге чейин уланат.

Последние новости